Биз менен байланышыңыз

Нью-Йорктун губернатору түз эфирде коронавируска тест тапшырды

Дүйнө , Кыска кабар | 18 мая 2020 | 447 | 0

Нью-Йорк штатынын губернатору Эндрю Куомо 17-майда брифинг учурунда коронавирустка тест тапшырды. Анын мындай аракети  түз эфир аркылуу көрсөтүлгөнүн CBS New York маалымдады.

Эндрю Куомо анализ процесси оорутпай турганын белгилеп, штаттын тургундарын тесттен өтүүгө чакырды.

«Эгерде сизде симптомдор бар деп ойлосоңуз, анда текшерүүдөн өтүңүз», — деди Куомо.

Губернатордун айтымында, күн сайын штаттын 700 пунктунда 40,000 тест өткөрүлөт. Ошол эле учурда, жарандар тестирлөөдөн өтүү үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүктөрдү колдонбой жатышат.

Акыркы маалыматтар боюнча, штатта коронавирус жуктуруп алгандардын саны 350 000ден ашты. Алардын ичинен 28 000 адам каза болуп, 60 000 бейтап айыкты.

Жалпысынан АКШда 1,527 миллиондон ашык адам вирусту жуктуруп алган. Илдеттин 90 000ден ашуун жаран көз жумса, 346 000 бейтап айыккан.

Copyright © 2017 Maral FM