Биз менен байланышыңыз

Чүй: Таш-Дөбө айылында 30 үйдүн короосун жана жолдорду суу каптады

Кыска кабар | 18 мая 2020 | 531 | 0

Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл аймагында 17-май күнү саат 22:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен Бер-Булак айылынын Монголдоров, Бейшеналиева, Кутманова жана Горький көчөлөрүндөгү арыктардан суу ашып, 30 турак үйдүн короосун жана жолдорду суу каптаган. Турак үйлөрдүн ичине кирген эмес. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Тазалоо иштерине айыл аймактан 1 трактор, ӨКМнин Аламүдүн райондук бөлүмүнүн башчысынын жетекчилигинде ыкчам топ жана Аламүдүн райондук №1 өрткө каршы-куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу тартылган.

18-май күнү тартылган күчтөрдүн жардамы менен арыктарды, жолдорду жана короолорду тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүп, саат 01:00дө толук аяктады.

Ошондой эле Москва районунун Ак-Суу айыл аймагында 17-май күнү саат 22:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен Темен-Суу айылынын Аманов көчөсүндө арыктан суу ашып, жолду суу каптаган.

Тазалоо иштерине ӨКМнин Чүй облусу боюнча башкармалыктын башчысы жана Москва райондук бөлүмүнүн башчысы, Москва райондук №15 ӨКБдан 2 куткаруучу, айыл аймактан 1 трактор тартылды.

18-май күнү техниканын жардамы  менен арыкты тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүп, саат 00:25те толук тазаланган.

Copyright © 2017 Maral FM