Биз менен байланышыңыз

Москвадан 378 кыргызстандык Бишкекти көздөй учуп чыкты

Кыска кабар | 17 мая 2020 | 824 | 1

Бүгүн, 17-майда, Кыргызстандын 378 жараны Орусиянын Москва шаарынан Бишкекти көздөй учуп чыкты. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалыматы боюнча, жүргүнчүлөрдүн ичинен 116 адам онкологиялык, бөйрөк жетишсиздиги, жүрөк оору сыяктуу оор дарт менен жабыркайт.

27 жүргүнчү муктаж жарандарды коштоп жүрүүчү болсо, 8 жүргүнчү майып, 38 адам улгайган куракта, 78 жүргүнчү кош бойлуу жана 77 жүргүнчү жаш балдардын ата-энелери. 35 жаран болсо мейманканаларда жашап жаткандар.

Ошондой эле мекенине кайтуу үчүн оор дарт менен жабыркаган, кош бойлуу келиндер, жаш балдар жана карыялардан турган миңдей адам кезекте турат.

Орусиядагы кыргызстандык мигранттарды колдоо фондунун директору Тимур Саралаевдин «Фейсбук» баракчасына жазган маалыматы боюнча, тизмеге кирбегендер да Шереметьево аэропортуна келип, тизме боюнча уча тургандарга тоскоолдук жаратышкан.

Ошондон улам талаш-тартыш, таарыныч жаралып, түнкү саат бирде башталган каттоо процедурасы өтө эле созулуп кетип, таңкы тогузга чейин уланды. 07:40та уча турган борт, 2 саат кармалып жолго чыкты. Ошондой эле 23 киши үлгүрбөй калды. Ал эми бир жараныбыз болсо,  учак жылаардын алдында «дем ала албай жатам» деп өзү чыгып кетти. Калган 378 мекендештерибиз аман-эсен жетип алып, обсервацияны да тынч өтүп алышсын» , — деп жазды Саралаев.

1 пикир

1 пикир

  1. Касымова канышай

    19.05.2020 19:43

    Оба ошончо оруулар кетсе кеткендир бирок ташиы талкан кыла Турган жигиттер эмне кылып отурат кичине уялсанар калп ай кандан

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM