Биз менен байланышыңыз

Трамп коронавируска каршы вакцинаны бекер кылуу мүмкүнчүлүгүн айтты

Дүйнө , Кыска кабар | 16 мая 2020 | 469 | 0

АКШнын президенти Дональд Трамп коронавируска каршы вакцинаны бекер кылуу маселесин карап жатканын айтты. Бул тууралуу ал брифинг учурунда билдиргендигин Reuters агентиги жазды.

Чындыгында, биз бул нерсени карап жатабыз, — деп жооп берген журналисттин «вакцинанын акысыз болобу» деген суроосуна АКШ президенти.

Трамп АКШнын жыл аягына чейин же андан да эрте вируска каршы вакцинаны иштеп чыгышы мүмкүн экендигин айтты. Анын айтымында, аталган иштердин баары жолго коюлуп баратат.

Май айынын башында Johnson & Johnson компаниясынын башкы директору Пол Стоффелс компания 2021-жылы коронавирустук вакцинанын 1 миллиард дозасын чыгарууну пландап жаткандыгын айткан. Анын айтымында, клиникалык текшерүүлөр ушул жылдын сентябрь айында башталат.

Апрель айынын аягында Bloomberg журналы өзүнүн булактарга таянып, Трамптын администрациясы вакцинаны сегиз ай эрте чыгара турган долбоор иштеп жаткандыгын жазган. Бул максатта бийлик фармацевтикалык компаниялардын, ошондой эле мамлекеттик жана аскердик мекемелердин иштеп чыккан жетишкендиктерин бириктирүүнү пландаштырууда. Маалымат боюнча, долбоордун максаты январь айына чейин 300 миллион дозада вакцина чыгаруу болуп саналат.

Америка Улуттук аллергия жана жугуштуу оорулар институтунун директору Энтони Фаукинин айтымында, вакцинаны 12-18 айдан эрте мөөнөттө чыгарууга мүмкүн эмес.

Copyright © 2017 Maral FM