Биз менен байланышыңыз

Вирус жуктурган гипермаркеттин кызматкери 48 адам менен байланышта болгон

Кыска кабар | 16 мая 2020 | 1007 | 0

Коронавирус жуктуруп алган борбор калаадагы гипермаркеттин бир кызматкери 48 адам менен байланышта болгон. Бул тууралуу Бишкектин вице-мэри Татьяна Кузнецова бүгүнкү брифингде билдирди.

Анын айтымында, шаар тургундарынын адам көп чогулган жайларга баруусу кооптуу.

Ошондуктан, шаар тургундарын көп адам чогулган жайларга барбоого жана өтө зарыл болгон учурда гана үйдөн чыгууга чакырам, — деп билдирди Бишкектин вице-мэри Татьяна Кузнецова.

Эске салсак, 12-майда Бишкек шаарындагы Vefa соода борборундагы “Фрунзе” гипермаркетинин кызматкеринен коронавирус илдети аныкталган болчу.

Дүкөндүн кызматкери өзүнөн вирустун симптомдорун байкап калгандыктан өзүн текшерүүнү сурап медкызматкерлерге кайрылган. Лабораториялык текшерүүлөрдөн кийин ал жаранда коронавирус инфекциясынын бар экендиги аныкталган.

Copyright © 2017 Maral FM