Биз менен байланышыңыз

Кытайда бир суткада 21 адамда COVID-19 аныкталды

Дүйнө , Кыска кабар | 16 мая 2020 | 476 | 0

Акыркы сутка ичинде Кытайда коронавирустун жаңы 21 учуру аныкталды. Алардын 13үндө оорунун симптомдору жок болгон. Ошол эле учурда 10 бейтап коронавирустан айыгып чыгып, өлүм катталган жок. Бул тууралуу Кытайдын Саламаттыкты сактоо боюнча мамлекеттик комитетинин билдирүүсүнө таянып РИА Новости жазды.

Жаңы катталган сегиз учурдун экөөсү жергиликтүү тургундардан аныкталып (Цзилинь провинциясында аныкталган), алтоо  чет өлкөдөн келген жарандардан чыккан. Жалпысынан Кытайда 1698 адамда COVID-19 чет өлкөдөн келген жарандарда катталган, алардын ичинен 1652 адам айыгып, учурда 46 бейтап ооруканаларда даарыланууда.

Саламаттыкты сактоо боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматы боюнча, Кытайдын 31 аймагынан 82 941 адамда коронавирустун жуккандыгы тастыкталган, анын ичинде 89 адам ооруканаларда (11 адам оор абалда). Жалпысынан 78 219 адам  оорудан айыгып, 4633 адам көз жумган.

1-апрелден баштап өлкөнүн бийлиги эч кандай оорунун симптомдору жок коронавирус жөнүндө маалыматтарды жарыялай баштаган. Акыркы бир күндө 13 мындай окуя аныкталды.

2019-жылдын 31-декабрында Кытай бийлиги Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү Ухан шаарында (Хубэй провинциясы) белгисиз пневмониянын келип чыгышы жөнүндө маалымдаган. Адистер бул ооруну козгоочу жаңы коронавирус экендигин аныкташып, кийинчерээк ал расмий түрдө COVID-19 деп аталган.

11-мартта Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирусту пандемия деп жарыялады.

29-мартта Кытайдын саламаттыкты сактоо комитети жалпы өлкөдө эпидемиянын жайылышы токтоп калганын айтып, вирусту жеңгенин жарыялаган.

Copyright © 2017 Maral FM