Биз менен байланышыңыз

Орусиядагы элчиликтин алданган жарандарга кайрылуусу

Кыска кабар | 16 мая 2020 | 492 | 0

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин алдындагы коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнө каршы Штаб билдирүү жасады. Бул тууралуу элчиликтин маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине Оренбургга жана Кыргызстанга самолет жана автобуска жасалма билет саткан жана Мекенине кайтууну каалаган жарандардын тизмесин түзүп жаткан, ошондой эле документтерди, анын ичинде мирациялык карта, каттоо карталарын жасалма жасаган белгисиз адамдарга алданган жарандар кайрылып жатат.

Ушуга байланыштуу, элчилик жарандарды сак болуп, мындай алдамчылардын торуна түшүп, алданып калбоого чакырат. Эгерде ошондой адамдарга туш келсе, Орусиянын ИИМнин аймактык тийиштүү органына, ошондой эле элчиликтин Консулдук бөлүмүнө тийиштүү арыз менен тез арада кайрылуу сунушталат.

Алдамчылык менен иш кылган адамдар Орусиянын мыйзамына ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Copyright © 2017 Maral FM