Биз менен байланышыңыз

Орусияда сутка ичинде дагы 10 миңден ашык адамда коронавирус аныкталды

Дүйнө , Кыска кабар | 15 мая 2020 | 555 | 0

Орусияда 15-майга карата коронавирустук инфекциянын жаңы 10 598 учуру катталды. Бул тууралуу бүгүн Коронавируска каршы күрөшүү боюнча оперативдүү штаб билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазды.

Жаңы инфекция Орусиянын 85 чөлкөмүндө аныкталган. Алардын ичинде 4 504 (42,5%) адам байланышта болгон жана оорунун эч кандай белгилери байкалган эмес.

15-майга карата Орусияда жалпы коронавирустук инфекцияны жуктургандардын саны 262 843кө жетти. Алардын ичинен 58 226 бейтап айыгып, 2 418 адам көз жумду.

Copyright © 2017 Maral FM