Биз менен байланышыңыз

Ошто төрөт үйүнүн кызматкери коронавирус жуктуруп алды

Кыска кабар | 15 мая 2020 | 679 | 0

Ош шаарындагы перинаталдык борбордо 14-майда бир кызматкерде коронавирус табылган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, азыркы тапта комиссия эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүүдө. Ал эми байланышта болгондорду аныктап, алардан анализ алуу иштери дагы жүрүп жатат.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1111 адамга жетти. Алардын ичинен 745 бейтап сакайып, 14 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM