Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда 1,5 миңден ашык адам обсервацияда жатат

Кыска кабар | 15 мая 2020 | 518 | 0

Кыргызстан боюнча обсервацияда 1 миң 532 адам жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтуусуна караганда, акыркы убакта чет жактагы кыргыз жарандарын мекенге кайтарып келүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Чет жактагы кыргызстандыктар мекенине кайтканына байланыштуу бүгүнкү күндө обсервацияда жаткан адамдардын саны көбөйүп жатат. Анткени Дубай, Стамбул жана Орусиядан келгендерди дароо обсервацияга жаткыруудабыз, — деди Үсөнбаев.

Ал эми коронавирус жуккандар менен жакын байланышта болгондордун саны 15-майга карата 5 миң 180 адамга жетти. Байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал.

Кыргызстанда бүгүн коронавирус жуккан 29 жаңы учур аныкталып, COVID-19 вирусун жуктургандардын саны 1111 ге жетти. Алардын ичинен 745 адам айыгып, 14 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM