Биз менен байланышыңыз

Ажыкулов: «Кандай көйгөйүңөр бар?» деп сураган киши болгон жок

Кыска кабар | 15 мая 2020 | 623 | 0

Агрардык өнөр-жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын аткаруучу директору Темирбек Ажыкулов «Марал» радиосуна берген маегинде карантин учурунда жергиликтүү өндүрүштү колдоо көрсөтүү маанилүү экенин билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө өндүрүшчүлөр менен соода түйүндөрүнүн ортосундагы мамиле көп жылдан бери сүйлөшүү жолу менен чечилип келсе, карантиндин кириши менен маселе курчуп кеткен.

Ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоонун бир жолу аткезчиликти жоюу.

-«Нарондый», «Глобус» дүкөндөрү шарттарды татаалдантып баштаганда айла жок кайрылдык. Биз президентке ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо багытында саясат кабыл алуу сунушун бердик. Бардык мыйзамдар жергиликтүү өндүрүшчүлөргө багытталса жакшы болмок. Мисалы, ири дүкөндөрдө жергиликтүү өндүрүштүн көлөмү жок дегенде 40-50% болушу керек деген сунуш киргиздик. Учурда андай чектөө жок, — дейт Ажыкулов.

Ал белгилегендей, президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушууда Ички соода жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленген.

-Өндүрүшчүлөрдөн «кандай көйгөйүңөр бар» деп сураган киши болгон жок. Өндүрүшчүлөрдү колдоону мамлекеттик саясатка айлантпасак, аткаминерлер деле «жакшы маселе экен, колдойлу» дешпейт. Жергиликтүү өндүрүштү бирдиктүү негизди экспорто чыгаруу сунушталды. Албетте, мунун баарын мыйзам талаасына алып келүү зарыл, — дейт Ажыкулов.

Белгилей кетсек, 11-майда президент өлкөнүн бизнес-ассоциацияларынын өкүлдөрү менен жолугушкан.

Copyright © 2017 Maral FM