Биз менен байланышыңыз

Нарында жаңы төрөгөн сегиз аялда COVID-19 илдети аныкталды

Кыска кабар | 14 мая 2020 | 841 | 0

Бүгүн, 14-майда, Нарын шаарында COVID-19 илдетинин 15 учуру аныкталды. Бардык бейтаптар Нарын облустук бириккен ооруканасына жаткырылды, алардын ичинен, медицина кызматкери -1, жаңы төрөгөн аялдар — 8, туугандары менен байланышта болгондор — 6. Учурда бардыгынын абалы канааттандыраарлык.

Нарын облустук бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмүндө жаңы төрөгөн 8 аял ымыркайлары менен, 7 кош бойлуу аял көзөмөлдө. Оорукана толук дезинфекцияланып, персоналдар алмаштырылды жана Бишкектен 2 акушер-гинеколог жардамга жөнөтүлдү.

Аталган төрөт бөлүмүндө бардыгы болуп 11 медициналык кызматкер (акушерлер, медайымдар, санитардык кызматкерлер) коронавирус илдети менен ооруган.

Copyright © 2017 Maral FM