Биз менен байланышыңыз

Алтыбаева: Өлкөдө бирдиктүү элдик фонд ачуу керек

Кыска кабар | 14 мая 2020 | 503 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбева парламенттин 14-майдагы жыйынында Кыргызстанда бирдиктүү резервдик же элдик фонд ачуу керектигин билдирди.

Анын айтымында, пандемиядан улам физикалык жана юридикалык жактар аз камсыз болгон, көп балалуу үй-бүлөлөргө жардам берүү максатында каражат которушту. Айрымдар Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин, кээ бирлер Саламаттыкты сактоо министрлигинин эсебине которду.

«Жарандар колдоо көрсөтүү максатында көп каражат берген менен тилекке каршы, максатуу пайдалануу системасын, ачык-айкындуулукту да көрбөй калдык. Ошондуктан бирlиктүү фонд керек. Азыр да чек арадагы окуядан соң үйүнөн ажыраган жаранга акча чогултуп, там салып берүү демилгелер бар. Эгерде фонддо каражат болсо, дароо которуп, акчаларды иштетсек болот эле», — деди Алтыбаева.

Эл өкүлү өкмөттү бирдиктүү фонд ачуу маселеcи боюнча иш алып барууга чакырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM