Connect with us

Абдыкеримов менен Жоробаев Жогорку Кеңештин депутаты болушту

Кыска кабар | 14 Май 2020 | 539 | 0

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия кечээ, 13-майда Жогорку Кеңештеги бош депутаттык манданттарды Шаршенбек Абдыкеримов менен Жаныбек Жоробаевге өткөрүп берди.

БШКнын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, мындай чечим комиссиянын отурумунда кабыл алынды.

Алар парламентке «Кыргызстан» партиясынан депутат болуп келди. Буга чейин ушул эле партиянын мүчөлөрү Алмазбек Эргешов менен Жаныбек Исаев мандатын тапшыруу тууралуу арыз жазып, БШК алардын депутаттык ыйгарым укуктарын токтотту.

«Кыргызстан» фракциясынын Жогорку Кеңеште 18 мандаты бар. Фракцияны депутат Алмазбек Батырбеков башкарат.

Башында ишкер Шаршенбек Абдыкеримов турган «Кыргызстан» саясий партиясы 2010-жылы апрелде негизделген.

Copyright © 2017 Maral FM