Биз менен байланышыңыз

Парламент төрагасы орусиялык кесиптеши Володин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Кыска кабар | 13 мая 2020 | 420 | 0

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Орусиянын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Тараптар коронавирус илдетинин дүйнөгө тарашынан улам түзүлгөн кырдаалга токтолушуп, ошондой эле Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблея кеңешинин жыйынын июнь айында видеоконференция форматында өткөрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Жыйынды мындай форматта өткөрүү коронавирус илдетинин жайылышын алдын алуу чараларына байланыштуу сунушталууда. Эскерте кетсек, буга чейин ЖККУ ПА Кеңешинин отурумун май айында уюштуруу мерчемделген.

Сүйлөшүү учурунда төрага Дастанбек Жумабеков ушундай кыйын кырдаалда парламенттер аралык байланышты чыңдоо маанилүүлүгүн белгилеп: “Пандемия шартында мамлекеттер аралык кызматташтык, андан тышкары өз ара колдоо өтө керек”, – деди.

Өз кезегинде Орусия думасынын төрагасы Вячеслав Володин уюмга мүчө мамлекеттердин бардык парламент төрагалары менен ЖККУ ПА Кеңешинин жыйынын аралыктан өткөрүү мүмкүнчүлүктөрүн сүйлөшүүнү көздөп жатканын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM