Биз менен байланышыңыз

“Коопсуз шаардын” II этабында 2500дөн ашык камера орнотулат

Кыска кабар | 13 мая 2020 | 436 | 0

Учурда “Коопсуз шаар” долбоорунун II этабы башталды.  Республиканын бүт аймактарында 306 точкада видео фиксациялары бар 2 миң 500дөн ашык камера орнотулат. Мындан тышкары адамдын жүзүн идентификациялоочу кырктан ашык камера жайгаштырылат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 13-майда Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди.

Анын айтымында, “Коопсуз шаар” долбоору – “Коопсуз өлкө” долбоорун толук кандуу ишке ашыруудагы негизги түрткү берүүчү точкалардан болуп калат.

Белгилей кетсек, долбоордун I этабы 2019-жылдын 1-февралынан тартып ишке кирген. Бишкек жана Чүй облусунда 90 пункт камтылып, 812 камера орнотулган.

«2019-жылдын 3-мартынан тартып “Коопсуз шаар” долбоору старт алды, камералар орнотулган жерлерде жол кырсыктары 50%га чейин азайды. Бишкек менен Чүй облусундагы адам өлүмүн алган оор кырсыктардын саны 5 эсеге азайса, ал эми жабыр тарткандардын саны 43%га кыскарды», — деди Абылгазиев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM