Биз менен байланышыңыз

Апрель айында мамлекеттик карызды төлөөгө 3 млрд 584,5 млн сом сарпталган

Кыска кабар | 12 мая 2020 | 531 | 0

2020-жылдын апрель айында республикалык бюджеттин ведомстволук классификация боюнча кассалык чыгымдары 12 млрд 592 млн 453,5 миң сомду түздү. Бул тууралуу Каржы министрлиги кабарлады.

Маалымат боюнча, бюджеттик уюмдардын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөгө республикалык бюджеттен 3 млрд 208 млн 212,7 миң сом, калкка социалдык жардам боюнча жөлөкпулдарга 811 млн 915,3 миң сом жана социалдык камсыздоо боюнча жөлөкпулдарды төлөөгө 8 459,0 миң сом бөлүнгөн.

Андан тышкары, мамлекеттик (ички жана тышкы) карызды төлөөгө 3 млрд 584,5 млн 573 миң сом сарпталган. Калган каражаттар башка багыттар боюнча чыгымдалган.

Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, 2020-жылдын апрелге чейинки үч айындагы жыйынтык боюнча мамлекеттин ички карызын тейлөөгө тышкы карызга караганда көп акча кеткен.

«Январь-март айында тышкы карызды тейлөөгө 3 миллиард 934,9 миллион сом кетсе, ички карызга 5 миллиард 41,5 миллион сом жумшалган», — деп айтылат билдирүүдө.


Президент өлкөнүн бизнес коомчулугу менен жолугушту

Copyright © 2017 Maral FM