Биз менен байланышыңыз

Быйыл бүтүрүүчүлөр мамлекеттик сынакты тапшырбайт

Кыска кабар | 11 мая 2020 | 410 | 0

Коронавируска байланыштуу 9 жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик экзамендери жыл ичиндеги жетишкендиктерин эске алуу менен гана коюлмакчы. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуучуларга экзамендик бааларды атайын түзүлгөн мамлекеттик комиссия коёт.

«Билим берүү жана илим министрлиги мындай чечимди биринчи кезекте окуучулардын коопсуздугу, саламаттыгы үчүн кабыл алды. Ошондой эле бүтүрүүчүлөрдө Жалпы республикалык тестирлөөгө көбүрөөк убакыт ажыратып, жакшылап даярданууга мүмкүнчүлүк жаралды.

Министрлик сунуштаган формат боюнча ар бир мектепте тиешелүү буйруктун жана убактылуу жобонун негизинде предметтик комиссиялар түзүлөт. Алар бүтүрүүчү класстын окуучусунун текшерүү, практикалык, лабораториялык иштеринин жыйынтыктарын жана чейректик, жарым жылдык, жылдык жетишүүсүн эске алуу менен жыйынтыктоочу экзамендик бааны коюшат«, — деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле, эгер окуучу же алардын ата-энелери (же аларды алмаштыруучу жактар) жалпы мамлекеттик аттестацияда коюлган баага каршы болсо, апелляциялык комиссияга кайрыла алат. Апелляциялык комиссия жобого ылайык арызды карап чыгат.

Жалпы мамлекеттик аттестация 2-июндан 13-июнга чейин беш предметтен өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM