Биз менен байланышыңыз

Орусия коронавирусту жуктуруунун көптүгү боюнча 3-тепкичке чыкты

Дүйнө , Кыска кабар | 11 мая 2020 | 589 | 0

Акыркы сутканын ичинде Орусиянын аймагында 11 656 адам коронавирус менен катталды. Бир сутка ичинде вирус аныкталган 94 адам көз жумган.

Орусиянын ыкчам штабынын маалыматы боюнча, жаңы бейтаптар өлкөнүн 84 аймагында катталган.

Бүгүн, 11-майга карата Орусиядагы бейтаптардын жалпы саны 221 344 (+5,6%) адамга жетти. Муну менен Орусия бейтаптардын саны боюнча Италия (219 миң бейтап) менен Улуу Британиядан (219,1 миң бейтап) ашып, 3-орунга чыкты. Тизменин алдыңкы сабында Америка менен Испания турат.

Ошондой эле, Орусияда бейтаптардын 39 800дөн ашыгы вирустан сакайган.


COVID-19: АКШда каза болгондордун саны 80 миңден ашты

Copyright © 2017 Maral FM