Биз менен байланышыңыз

COVID-19: АКШда каза болгондордун саны 80 миңден ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 11 мая 2020 | 477 | 0

11-майга карата Америка Кошмо штаттарында коронавирус жуктуруп каза болгондордун саны 80 787ди түздү. Мындай маалымат Worldometers сайтынан алынды.

АКШда вирусту жуктургандардын жалпы саны 1 миллион 300 миңден ашты.

Ал эми дүйнө боюнча COVID-19 илдети менен катталгандардын саны 4 миллиондон ашты. Анын 1,5 миллиону сакайып чыккан.

Коронавирус жуктургандар эң көп катталган 5 өлкө:

АКШ — 1,3 млн, анын 80 787си каза болгон;
Испания — 264 миң, каза болгондор 26 миңден ашык;
Британия — 219,1 миң, каза болгондор 31 миңден ашык;
Италия — 219 миң, каза болгондор 30 миң 500дөн ашык;
Россия — 209 миң, каза болгондор 1915.

Copyright © 2017 Maral FM