Биз менен байланышыңыз

Кыргыз сомунун жүгүртүүгө чыгарылганына 27 жыл болду

Кыска кабар | 10 мая 2020 | 789 | 0

Бүгүн, 10-майда, Кыргызстандын улуттук валютасы сомдун жүгүртүүгө киргизилгенине 27 жыл болду. Туңгуч улуттук валюта Кыргызстан эгемендик алган соң эки жылдан кийин, тагыраагы, 1993-жылы 10-майда колдонула баштаган.

Алгачкы банкноттор 1993-жылы 1, 5, 20 сом жана 1, 10, 50 тыйындык кагаз акча түрүндө чыккан. Кийин алар акырындык менен жүгүртүүдөн алынып, 1994-1995-жылдары 1, 5, 10, 20, 50 жана 100 сомдук жаңы банкноттор менен алмашкан.

1997-жылы алардын коргоо элементтери жакшыртылган, дизайны өзгөргөн. 2000-жылы 200, 500 жана 1000 сомдук банкноттор чыккан.

2008-жылы 1, 3, 5 жана 10 сомдук металл акчалар жүгүртүүгө киргизилген.

Акыркы жолу 2009-жылы 5000 сомдук, 2017-жылы 2000 сомдук банкнот чыгарылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM