Connect with us

Мигранттардан келген акча чет өлкөлүк валюталардын агымынын негизги булагы

Экономика | 24 Дек 2018 | 1581 | 0

Улуттук банк менен биргеликте эфирге чыккан “Эколикбез” программасында бул жолу валюта рыногундагы абал тууралуу маек курдук. Суроолорубузга Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева жооп берди.

Марал: Кыргызстандын валюта рыногундагы учурдагы абалды кандай мүнөздөйсүз?

Аида Карабаева: Жалпысынан алганда азыркы учурда Кыргызстандагы валюта рыногу салыштырмалуу туруктуу. Эгер жыл башынан алсак, тышкы жана ички факторлорго дуушар болуп АКШ долларынын курсу, динамикасы ар тараптуу болду. Ошондой эле анын диапазону 67 сом 93 тыйындан 69 сом 85 тыйындын аралыгында калыптанган. Ошондуктан айрым учурларда алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн жумшартуу максатында, Улуттук банк  сатып алуу жана сатуу боюнча валюталык интервенцияларды ишке ашырып келген. Эгерде 2018-жылдын башынан берки статистиканы карасак сатуу боюнча 8 интервенция өткөрүлгөн. Ошондой эле сатып алуу боюнча дагы 2 интервенция жасалып, 20 миллиондон ашык доллар сатып алынды.  Жыйынтыгында бүгүнкү күндө Улуттук банктын таза сатуусу 128 миллион АКШ долларынан ашык сумманы түздү.

Марал: Улуттук банк доллардын курсу тууралуу алдын ала прогноз жасабайт, бирок анын баасынын жогору же төмөн болушуна кайсы факторлор таасир этет?

Аида Карабаева: Ар бир өлкөнүн экономикасынын өзгөчөлүктөрүнө жараша ошондой эле өлкөнүн улуттук валютасына таасирин тийгизген факторлор көп. Биздин улуттук валютага таасирин тийгизе турган факторлорду карасак, мамлекетте улуттук валютанын алмашуу курсу, чет элдик  валюталарга  болгон суроо-талаптардын негизинде аныкталат. Башкача айтканда, ички валюта рыногундагы долларга болгон суроо-талаптын негизинде болот.  Алардын балансы дүйнө жүзүндөгү АКШ долларынын позициясынан тартып, чет өлкөдө жүргөн биздин жарандардын которууларына чейин байланыштуу.

Ал эми негизги факторлор, республиканын негизги экономикалык абалы, кээ бир учурда өлкөдө болгон саясий абал да ички валюта рыногуна өз таасирин тийгизиши мүмкүн. Ошондой эле, соода балансынын абалы, инфляциялык болжолдоо, башкача айтканда сатып алуучулардын келечекте баалар кандай өсүшү жана күнүмдүк пайдаланган продукциялардын баалары кандай болот ушул божомолдор дагы өз таасирин тийгизет. Ошондой эле ички финансы рынокто катышуучулардын бири-бирине болгон ишеним көрсөтүүсү, Финасы кредиттик уюмдарга, банктарга коомчулук тарабынан жана экономикалык субьектердин ишеними чоң болсо биздин валютанын курсу дагы ишенимдүү болот.

Биздин негизги өнөктөш өлкөлөрдүн экономикалык жана саясий абалы дагы озүнүн таасирин тийгизет. Ошондой эле чет өлкөдөгү акча которгон мигранттардын көбөйүшү же азайышы да таасирин тийгизет. Андан тышкары негизги факторлордун бири- бул сезондук факторлор. Мисалы, эл аралык соода-сатык кырдаалы, жай мезгилинен кийин  контрактык төлөөлөр, жаңы келишимдин  түзүлүшү, импорттоочу компаниялардын активдеши дагы өзүнүн таасирин тийгизет. Анткени бул дагы чет өлкөнүн валютасынын көбөйүшүнө же азайышына алып келет.

Марал: Мигранттардан которулган акча валюта рыногуна таасирин тийгизеби?

Аида Карабаева: Негизи биздин мигранттардын которгон акчаларынын таасири бар. Бүгүнкү күндө бул көрсөткүч 2 миллиардан ашык долларды түзөт. Мигранттардан келген акча чет өлкөлүк валюталардын агып кирген негизги булагы болуп саналат. Мисалы, 2015-16 жылдары бул агым азайган, бирок бүгүнкү күндө валюта гана эмес биздин ички дүң продукциябызга тийгизген таасири да чоң. Себеби ички дүң продукциянын 30%га жакыны ушул чет өлкөдөн келген акча түзөт. Биздин жарандардын 90% пайыздан ашыгы Орусияда эмгектенгендиктен негизи рубль менен жана АКШ доллары келет.

Марал: Инфляциянын көлөмү кандай болуп жатат жана алдыңкы убакытта кандай сакталат?

Аида Карабаева: Эгерде 1-декабрга карата абалды карасак инфляциянын көрсөткүчү 1%дын  тегерегинде. Анткени негизги өндүрүштүк товарлардын бааларынын өспөшү инфляциялык абалга таасирин тийгизет. Инфляция жылдын аягына чейин 2% ашпаш керек деп биз божомолдоп жатабыз. Андан тышкары Улуттук банктын орто мөанөткө алынган озүнүн коридордук көрсөткүчү бар, бул 5 менен 7% тегерегинде болуш керек. Бирок инфляция төмөн болгондуктан 1-1,5% чейин жылдын аягына чейин сакталат. Башкача айтканда, инфляциянын көлөмү биз өзүбүзгө койгон максаттык ченден кыйла аз.

Марал: Акыркы кездерде Улуттук банк чет өлкө валютасын сатып алууга караганда, көбүрөөк сатыкка чыгарып жатат. Акыркы жолу 7-декабрда валюта базарына 35 миллион 150 миң доллар интервенция жасалды. Мындай тенденция өлкөнүн алтын валюта резервине коркунуч келтирбейби?

Аида Карабаева: Улуттук валютанын стабилдүүлүгү жалаң гана Улуттук банктын интервенцияларына байланыштуу эмес. Бул стабилдүүлүктү сакташ үчүн мен айтып өткөн факторлордон башка акча — кредиттик саясатын жүргүзүү негизи болуп саналат. 2015-жылы валюталык кризис учурунан тартып Улуттук банк өкмөт менен биргеликте доллардан арылуу жана улуттук валютага болгон ишенимди жогорулатуу алкагында бир-нече иш чараларды ишке ашырган.

Интервенция жөнүндө айтсак – бул улуттук валютанын бир эле убакта, курсунун кескин серпилүүсүн басаңдатуу үчүн гана  жүргүзүлгөн Улуттук бактын акча-кредит саясатынын инструментеринин бири. Акыркы интервеция 7-декабрда өткөрүлдү. Бул эң ири интервенциялардын бири болду 35 миллион доллар. Бул эмнеге байланыштуу болду?

Акыркы учурда тышкы гео-саясий абалдын негизинде жана жайдан бери АКШ өлкөсүнүн Орусияга болгон санкцияларынын негизинде маалымат таратылган үчүн, биздин өнөктөш өлкөлөрдүн валюталарынын басаңдашы дагы, финансылык рыноктогу солкундоолордун негизинде, биздин валютага дагын кысым көрсөтүлгөн. Башкача айтканда, АКШ валютасына болгон суроо-талап жогору болгондуктан ушундай интервенция жүргүзгөнбүз.

Комерциялык банктарга Улуттук банктан ноябрь айынан 10 декабрга чейин 96 милиондон ашык доллар сатылган болчу.

Ошонун негизинде резервтерге коркунуч келтирбейби деген суроого токтолдунуз. Негизи Улуттук банктын алтын валюта резервдери 2 милииард 100 милииондон ашык долларды түзөт. Эгерде эл аралык стандарттарды карасак, бул резервтердин жетиштүүлүгү 3 айлык импорттун баасын камсыз кылыш керек. Бизде көрсөткүч 2018 декабрга нормадан жогору жана 4,4 айды түзөт. Ошондуктан эч кандай коркунуч жок.

Марал: Улуттук банк ички каржы валюта рыногуна сатылган акчанын кимдерге, кандай өлчөмдө жана кайсы курс менен сатылганы тууралуу маалыматтарды ачык жарыялайбы? Анткени интервенция боюнча коомчулукта бүдөмүк ойлор айтылып келет.

Аида Карабаева: Негизи мыйзам боюнча бул маалымат сыр болуп эсептелет. Бирок Улуттук банктын жалпы жүргүзгөн операциялары тууралуу банктын сайтына жарыяланат. Ал эми курс боюнча Улуттук банктын сайтына негизги орточо курс көрсөтүлөт.

Марал: Кыргызстандын Улуттук банкта сакталган валюталык резерви канча? Курстун жогорулап кетүүсүн кармап турууга резерв жетиштүүбү?

Аида Карабаева: Интервенциялардын тартиби ички валюта рыногунун жагдайына жараша жасалат. Комерциялык банк чет өлкө валютасын сатуу жана сатып алуу боюнча өзүнүн кардарларынын кайрылуусуна жана жеке кызыкчылыктарына жараша болот. Эгерде валюта жетишсиз болсо анда комерциялык банк башка банкка кайрылууга муктаж болот, же тескерисинче  чет өлкөлүк валютага суроо талап көп болсо Улуттук банк валютанынн кескин серпилүүсүн жумшартуу максатында интервенцияны ишке ашырат.  Жыйынтыгында ар бир жаран же акча алмаштыруучу жайлар чет өлкөлүк валютаны комерциялык банктар аркылуу Улуттук банктан сатып алуу мүмкүнчүлүгү пайда болот. Ошондуктан мен сом дагы жетиштүү, чет өлкөлүк валюта да керектүү көлөмдө бар деп айта алам.

Марал: Кошуна мамлекеттердин улуттук валюталарына салыштырмалуу биздин сомдун бекемдүүлүгү, туруктуулугу тууралуу көп айтылып жүрөт, анын сыры эмнеде?

Аида Карабаева: Ар бир өлкө экономикалык абалына жараша акча-кредит саясатын жүргүзөт. Биздин өлкө ачык экономикага тиешелүү өлкө. Биздин валюта саясатыбыз эркин калктуу саясаты 1993-жылы улуттук валютаны киргизген учурда эле кабыл алынган. Мисалы, коңшу Казакстан жана Орусия бул режимге 2015-жылы гана өткөн. Муну менен айтайын дегеним, валюталык саясатты убакыт өзү көрсөттү.

Марал: Доллардан арылуу, сом менен соода-сатык жүргүзүү тууралуу программа иштелип чыкты эле. Бирок азыркы учурда доллар менен эле соода жүргүзүлүп келет.

Аида Карабаева: 2015 жылы өкмөт менен биргеликте доллардан арылуу боюнча программа бекитилген. Ага ылайык бардык соода-сатык сом менен жүргүзүлсүн деген талап коюлган. Бүгүнкүк күндө жарнамалардан да байкасак, соода жүргүзүү сом менен деп көрсөтүлгөн. Ошондой эле, валюта менен берилген насыяларды да трансформациялоо боюнча иштер жүргүзүлүп жарандардын 2 миллиардан ашык насыясы сомго айлантылган.

Статистиканы карасак, ошол иш аракеттердин негизинде бүгүнкү күндө насыяларды доллар менен берүү төмөндөдү. Эгерде 2015-жылы долларлашуу жалпы кредиттердин пайызы  55% түзсө бугүнкү күндө 37,8 түзөт. Башкача айтканда 18% га жакын төмөндөдү.

Ошондой эле депозиттерди карасак 2015 жылы банктардагы жарандардын жана ишмерлердин долларлашуусу 65,6 түзсө бугүнкү күндө 45,4 % түзөт, 20% депозиттердин долларлашуусу төмөндөдү. Ошондой эле биздин өкмөт жана Улутук Банктын жүргүзгөн иш чарасынын негизинде ипотекалык кредиттерди валюта менен берүүгө тыйуу салынган.

Бирок ошентсе да сооданын доллар менен жасалып жаткандыгы бул психологиялык факторго байланыштуу. Ошондой эле сом менен айтканда ири сумма болуп ыңгайлуурак болгону үчүн да ушундай болууда. Чет өлкөлүк өнөктөштөр менен иш аракеттер доллар менен болот. Бирок Кыргызстанда негизги соодо жүргүзүүлөр сом менен жүргүзүлүшү керек деген талап бар.

Марал: Кийинки кезде ЕАЭБтин бирдиктүү валютасын киргизүү талкуу жаратып жатат. Бирдиктүү валютага болгон биздин даярдык кандай?

Аида Карабаева: Кайсы өлкөнүн валютасы болбосун, ал өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн маанилүү белгиси болуп эсептелет. Биз 1993-жылы улуттук валюта кабыл алынгандан баштап, сом эгемендүүлүктүн символдорунун бири катары калыптынды. ЕАЭБтин түзүлүшүнүн максаты, товарлардын кызмат көрсөтүүлөрүн, капиталдын жумуш күчүн эркин жылышын камсыз кылуу жана экономика тармактарында кординацияланган макулдашылган бирдиктүү саясат болот. Биздин Кыргызстандын биримдике кирген негизги максаты ушул болчу.

Бул келишимде бирдиктүү валюта түзүү меселеси түздөн-түз чагылдырылган эмес, бирок бул көп талкууга алынган маселелердин бири. Ошондуктан жаңы валютаны кабыл алуу интеграциялык логиканын уландысы болушу мүмкүн, бирок биримдике кирген өлкөлөр экономика, социалдык, жана валюта чөйрөсүн жакындаштырылгандан кийин, бизнес бирдиктүү валютаны талап   кылгандан кийин гана болушу мүмкүн. Бирдиктүү валютаны киргизүү бул келечекте дагы талкууланып, чечүүлүүчү маселе. Ар бир өлкөнүн валюталык саясаты башка. Ошондуктан азырынча ооба же жок деп айтуу кыйын.

Copyright © 2017 Maral FM