Биз менен байланышыңыз

Улуттук Банк насыяларды кайтаруу мөөнөтүн узартуу аракетин көрүүдө

Кыска кабар | 10 мая 2020 | 837 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды.

Коронавирус инфекциясы пандемиясынын дүйнөлүк экономикага таасирлеринин шарттарында банк жана төлөм системаларынын туруктуулугун жана коопсуздугун, стабилдүү макроэкономикалык кырдаалды камсыз кылуу боюнча чаралар талкууланды.

Коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу эл аралык каржылык рыноктордо жана өлкөлөрдүн экономикасында жаралган кырдаалда улуттук экономика үчүн коркунучтарды болушунча төмөндөтүүнүн маанисине көңүл бурду.

Ал коронавирус инфекциясынын жайылышынын кесепеттеринин таасири тийген экономика чөйрөлөрүн, ишкерлик субъектилерди жана калкты колдоо зарылдыгын баса белгиледи.

Өз кезегинде Абдыгулов өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шарттарында банк жана төлөм системалары төлөмдөрдү төлөө, которуу операцияларын үзгүлтүксүз жүргүзүүнү улантып, экономика тармактары менен калктын банктык кызмат көрсөтүүлөр жана акчалай каражаттар боюнча муктаждыктарын өз маалында камсыздап келе жатканын белгиледи.

Мындан сырткары, Толкунбек Абдыгулов Улуттук банк тарабынан коронавирус инфекциясынын жайылышынан улам келип чыккан экономикалык кесепеттерди жеңилдетүү, ошондой эле ишкердик субъектилердин ишмердүүлүгүн жана калкты колдоо максатында кабыл алынган чаралар тууралуу айтып берди.

Улуттук банк башка чаралар менен катар финансы-кредиттик уюмдарга займчыларга насыя төлөмдөрүн төлөөсүн үч айдан кем эмес мөөнөткө жылдырууну сунуштаганы, кредиттерин кечигип төлөөсү үчүн айып салууга жана үстөк акча алууга, кредиттик келишимдердин шарттарын кайра карап чыгууда комиссиялык төлөмдөргө тыюу салынганын белгиленди.

Президент Сооронбай Жээнбеков ар бир кардарга өзүнчө мамиле кылуу менен коммерциялык банктардын насыяларды кайра түзүмдөштүрүү процессине көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM