Биз менен байланышыңыз

«Улуу Жеңишке 75 жыл» коллекциялык монеталары жүгүртүүгө чыгарылды

Кыска кабар | 6 мая 2020 | 664 | 0

Улуттук банк Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арнап «Тарыхый окуялар» сериясындагы «Улуу Жеңишке 75 жыл» коллекциялык күмүш жана жез-никель монеталарын, ошондой эле ушул сериядагы «Элдик Апрель революциясына 10 жыл» коллекциялык жез-никель монетасын жүгүртүүгө чыгарды. Бул тууралуу мекеменин расмий сайтында айтылат.

«Улуу Жеңишке 75 жыл» монетасынын алдыңкы бетинин негизги сюжетин тынчтыкты даңазалаган көгүчкөн түзөт (күмүш монетасында голограмма түрүндө берилген). Анын арткы фонунда Кызыл Армиянын солдаттарынын жана офицерлеринин «Жеңиш автографтары» жазылган Рейхстаг дубалы чагылдырылган. Монетанын жогору жагында «Улуу Жеңишке 75 жыл / 75 лет Великой Победе» жазуусу, ал эми төмөн жагында металлдын сапат белгиси (Ag 925°), салмагы (28,28 г), ошондой эле монетанын номиналы (10) жана Кыргыз Республикасынын расмий акча бирдигинен болгон сомдун графикалык белгиси – С берилген.

Монетанын арткы бетинде «75» деген сандын фонунда «28 Баатырдын эрдиги үчүн» мемориалдык комплексинин элеси түшүрүлгөн. Монетанын жогору жагында «Улуу Жеңишке 75 жыл / 75 лет Великой Победе» жазуусу жана Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн. Монетанын төмөн жагында кайраттуулук менен эрдиктин символу катары гвоздика гүлү түстүү басма менен түшүрүлүп, монетанын чыгарылган жылы (2020) көрсөтүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM