Биз менен байланышыңыз

Дүйнөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 3700000ге жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 6 мая 2020 | 654 | 0

Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги Covid-19 коронавирусунун кеепетинен каза тапкандардын саны 256 миңден ашып, вирусту жуктуруп алгандардын саны 3 миллион 700 миңге жетти. Ошондой эле, 1 миллион 250 миңден ашуун адам оорудан сакайып чыгышты.

Анткен менен көпчүлүк өлкөлөр бири-биринин артынан коркунучтуу типтеги коронавируска байланыштуу киргизилген чектөөлөрдү алып жатышат.

Германияда акыркы сутка ичинде SARS-CoV-2 коронавирусун жуктуруп алган 947 учур катталды. Жалпы пандемия башталганда бери вирус жуктуруп алгандардыөдөн саны 164 807ге жетти. Бул тууралуу Роберт Кох атындагы институттан билдиришти. Акыркы 24 саттын ичинде өлкөдө 165 адам өмурү менен кош айтышкан. Пандемия башталгандан бери жалпы өлүм-житимдин саны 6996га жетти.

Ал эми Африка өлкөлөрүндө пандемиянын себебинен каза тапкандардын саны Алжирде 470, Египетте 452, Мароккодо 180, Суданда 45, Сомалиде 38, Малиде 32, Сенегалда 11, Эфиопияда болсо 4кө жетти.

Африканын ооруну текшерүү жана алдын алуу борборунун (Africa CDC) көрсөткүчтөрүнө караганда, Африка материгинде 47 миң 581 кишиде Covid-19 аныкталып, жалпы 1862 киши каза тапты.

Жуктуруп алгандардын саны эң көп болгон өлкөлөр болсо Түштүк Африка, Египет, Марокко, Нигерия, Гана жана Камерун болду.

Copyright © 2017 Maral FM