Биз менен байланышыңыз

СOVID-19: Дагы бир бейтап оорудан каза болду

Кыска кабар | 6 мая 2020 | 746 | 0

Бүгүн, 6-майга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 28 учуру катталды, алардын ичинде 5 киши чет жактан келгендер. 4 студент Тажикстандын Ходжент, Душанбе шаарларынан келген. Дагы 4 киши — медициналык кызматкерлер.

Бишкектеги Республикалык клиникалык ооруканада 67 жаштагы 1 бейтап (аял киши) каза болду. Маркумдун эски өнөкөт оорулары болгон. Муну менен каза болгондордун жалпы саны 12ге жетти.

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Өкмөттө өткөн брифингде билдирди.

Жалпысынан алганда Кыргызстанда аталган ооруга кабылгандардын саны  871ге жетти.

Министрдин орун басары кошумчалагандай, бүгүн сутка ичинде 14 бейтап ооруканадан айыгып чыкты.

Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 614 бейтап оорудан айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Copyright © 2017 Maral FM