Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: айрым аймактарда катуу жаан жаашы күтүлөт

Кыска кабар | 5 мая 2020 | 595 | 0

Кыргызгидромет борборунун болжолу боюнча эртең, 6-майда, түнкүсүн Талас, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын жаабайт. Күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мөндүр жаайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.​

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 19…24;

Талас жергесинде түнкүсүн 5…10, күндүз 18…23;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында ​түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 16…21;

Нарында түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6 градус болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 9…11, күндүз 21…23 градус болот.

Copyright © 2017 Maral FM