Кыргызгидромет борборунун болжолу боюнча эртең, 6-майда, түнкүсүн Талас, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.
Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын жаабайт. Күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мөндүр жаайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 19…24;
Талас жергесинде түнкүсүн 5…10, күндүз 18…23;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 16…21;
Нарында түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6 градус болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 9…11, күндүз 21…23 градус болот.