Биз менен байланышыңыз

Азия өнүктүрүү банкы пандемияны жеңилдетүү үчүн Кыргызстанга 50 млн доллар бөлөт

Кыска кабар | 5 мая 2020 | 827 | 0

Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) коронавируска каршы күрөшүүдө Кыргыз Өкмөтүнө жардам катары насыя жана грант түрүндө 50 млн доллар бөлүп берет. Мындай чечим Кыргыз Өкмөтүнүн коронавирус апаатында элдин ден соолугуна кам көрүү аракетине, социалдык жана экономикалык маселелерди чечүүсүнө колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынганы банк жарыялаган маалыматта айтылат.

Банктын «Активдүү көңүл буруу жана чыгымдарды колдоо» (CARES) программасынын алкагында бул каражат пандемиянын жайылышын ооздуктоо, социалдык жактан муктаждарды коргоо, чакан жана орто бизнеске, өндүрүшкө жардам берүү боюнча чукул чараларды колдоого жумшалышы керек болот.

АӨБдүн президенти Масацугу Асакава COVID-19 инфекциясынын жайылышы Кыргызстан үчүн чукул жана түйшүктүү көйгөй болуп саналарын айткан.

5-майга карата Кыргызстанда коронавирус 843 адамдан табылды, алардын 11и кайтыш болду, 600 бейтап сакайып кетти.

Copyright © 2017 Maral FM