Биз менен байланышыңыз

Тажикстанда COVID-19 коронавируска чалдыккандардын саны 230га жетти

Кыска кабар | 5 мая 2020 | 917 | 0

Тажикстанда акыркы сутка ичинде 102 киши COVID-19 коронавирусун жугузган деп аныкталды. Муну менен ооруга чалдыккандардын саны 230га жетти. Жалпысынан үч киши көз жумду.

Бул тууралуу өлкөнүн «Ховар» улуттук маалымат агенттиги өлкөнүн Саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан коргоо министрлигине таянуу менен жазды.

Министрлик белгилегендей, Душанбеде 110, Согди облусунда 70, республикага түз караган райондордо 22, Хатлон облусунда 21, Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунда 7 киши илдетке кабылган.

Ушул тапта 3208 киши дарыгерлердин көзөмөлүндө, 244 кишиден анализ алынып, үйлөрүнө жиберилген.

COVID-19га каршы күрөшкөн республикалык штаб оорунун тарап кетишин токтотуу үчүн бир катар чараларды күчөттү. Бардык жарандар беткап менен гана көчөгө чыга алышат. Жогорку окуу жайлардын I, II, III курстарынын студенттери каникулга тарады. Мектептер менен бала бакчалар 27-апрелден 10-майга чейин чукул каникулга чыгышты.

30-апрелден тартып бардык базарлар жабылган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперттер жана коомдук саламаттыкты сактоо тармагынын адистери кирген миссиясы Душанбеге 1-майда келген.

Copyright © 2017 Maral FM