Биз менен байланышыңыз

Дүйнөдө коронавируска чалдыккандар 3,5 миллиондон ашты

Кыска кабар | 4 мая 2020 | 542 | 0

Дүйнө жүзүндө коронавирус илдетине чалдыккандардын саны 3 млн 508 миң 566га жетти. Акыркы суткада эле 79 миң 386 адамга оору жукканы аныкталган.

Бул тууралуу окумуштуулар иштеп чыккан онлайн-картада айтылат.

Ооруга чалдыккандардын 1 млн 158 миң 41и Америка Кошмо Штаттарында. Кийинки катарда Испания (217 миң 466), Италия (210 миң 717), Улуу Британия (187 миң 842), Франция (168 миң 925), Германия (165 миң 664) жана Орусия (134 миң 687) турат.

Коронавирус аныкталган учур дүйнөнүн 187 мамлекетинде катталган.

Бүгүнкү күндө бул дарттан 1,1 млн киши айыккан. Каза болгондордун саны 247 миң 470 адамга жеткен. Акыркы сутка ичинде 3 миң 641 адам каза болгон.

Кыргызстанда бүгүн, 4-майга карата коронавирус оорусуна чалдыккандардын жалпы саны 830ду түздү. Казакстанда — 3 миң 920, Өзбекстанда — 2 миң 149, Тажикстанда — 128.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирустун жайылышын пандемия деп жарыялаган.

Коронавирустун жаңы 2019-nCoV түрү өткөн жылдын декабрь айынын соңунда Кытайдын Ухань шаарынан чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM