Биз менен байланышыңыз

Шашылыш билдирүү: тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн

Кыска кабар | 3 мая 2020 | 632 | 0

3-майда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт, тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ошол себептен, коопсуздук иш-чараларды сактап, жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.

Copyright © 2017 Maral FM