Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-кытай чек арасы беш күнгө жабылат

Кыска кабар | 28 Апр 2020 | 750 | 0

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында жайгашкан «Эркечтам автожол» көзөмөл өткөрүү пункту убактылуу жабылат. Кытайдагы Эмгек күнүн майрамдоого байланыштуу пунктту жабуу сунушу Кытай тараптан түшкөн. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, аталган пункт 30-апрелден баштап 5-майга чейин жабык болуп, 6-майдан тарта жүк өткөрүлүп баштайт.

Коронавирус күчөп баштаганда жабылган «Эркечтам унаа жолу» көзөмөл-өткөрүү пункту өзгөчө алгоритмдин негизинде Кытайдан Кыргызстанга жүк ташуу үчүн гана 15-апрелден тарта ачылган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM