Биз менен байланышыңыз

ИИМ: 27-апрелге карата коменданттык саатты бузган 80 жаран кармалды

Кыска кабар | 27 Апр 2020 | 562 | 0

Бүгүн, 27-апрелге карата коменданттык сааттын шартын бузган 80 жаран кармалып, 6 автоунаа токтотулган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен Бишкек шаарында – 66, Ош шаарында – 1, Жалал-Абад шаарында – 5, Сузак районунда – 2, Нарын шаарында – 4, Ат-Башы районунда – 2.

Ал эми Кара-Суу жана Ноокат райондорунда коменданттык сааттын эрежелерин бузуу боюнча тартип бузуулар катталган жок.

25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында жалпы 3582 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу тарабынан кармалды. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен коё берилди.

Ички иштер министрлиги жарандарды өзгөчө абалдын жана коменданттык сааттын талаптарын так аткарууга чакырат.

Copyright © 2017 Maral FM