Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык дагы бир спортчу UFC уюму менен келишим түздү

Кыска кабар , Спорт | 26 Апр 2020 | 1020 | 0

Кыргызстандык Азиз Сатыбалдиев UFC уюму менен келишим түздү. Бул тууралуу спортчу «Инстаграмдагы» баракчасына жазды.

Бул маалыматты анын менеджери Асан Султанов тастыктаганын Sport АКИpress басылмасы жазды.

Петр Ян, Рафаэль Физиев сыяктуу спортчулардын беттешин өткөргөн компания менен келишим түзгөнүн айткан мушкер, кырдаал турукташкандан кийин атаандаш жана турнир боло турган күн белгилүү болорун кошумчалаган.

23 жаштагы Азиз Сатыбалдиев 61 кг чейинки салмактагылар арасында беттешет.

Белгилей кетсек, учурда UFC уюму менен кыргызстандык 3 спортчу кызматташат.

  • Валентина Шевченко;
  • Антонина Шевченко;
  • Рафаэль Физиев.

Коронавирус эпидемиясы тарап жатканына байланыштуу UFC уюму жакынкы убакта боло турган 3 турнирди белгисиз убакытка токтоткон болчу.

UFC: Коронавирустан улам токтотулган беттештер


Кошумчалай кетсек, UFC’нин жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченко UFC’деги эң жогорку акы төлөнүүчү 10 спортчунун катарына кирген. Алдыңкы ондуктун башында АКШлык спортчу Ронда Роузи турат. Ал 4 млн. 275 миң киреше тапкан.


Валентина Шевченко UFC’деги эң жогорку акы төлөнүүчү 10 спортчунун катарына кирди

Copyright © 2017 Maral FM