Биз менен байланышыңыз

Валентина Шевченко UFC’деги эң жогорку акы төлөнүүчү 10 спортчунун катарына кирди

Кыска кабар , Спорт | 7 Янв 2020 | 639 | 0

UFC’нин жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченко UFC’деги эң жогорку акы төлөнүүчү 10 спортчунун катарына кирди. Бул тууралуу Harcord.com порталы жазды.

Акыркы жылдарда туруктуу Перуда жашаган кыргызстандык спортчу 1 млн. 139 миң доллар иштеп тапкан.

Алдыңкы ондуктун башында АКШлык спортчу Ронда Роузи турат. Ал 4 млн. 275 миң киреше тапкан.

Валентина Шевченко «Дүйнөдөгү мыкты тайбоксер аял» наамына ээ. Ал ошондой эле, дүйнөнүн 18 жолку чемпиону болуп саналат.

Кыргызстандык мушкер кыз 2003-жылдан бери эрежесиз күрөш боюнча (ММА) күрөшүп келет. Ал жалпысынан 21 беттешке чыгып, алардын 18инде жеңишке жеткен.

Copyright © 2017 Maral FM