Биз менен байланышыңыз

UFC: 8 жылдан бери утула элек Тони Фергюсонду Жастин Гэтжи жеңип алды

Кыска кабар , Спорт | 10 мая 2020 | 2092 | 0

Соккусу кубаттуу Жастин Гэтжи дээрлик 8 жылдан бери утула элек Тони Фергюсонду жеңип алды.

Мушкерлер UFC 249 мелдешинин алкагында жеңил салмактагы убактылуу чемпиондук титул үчүн беттешти. Беттеш АКШнын Жексонвилль шаарында бүгүн, 10-майда, болду.

Беттеште Гэтжи көп жолу каршы чабуул менен атаандашына кубаттуу соккуларды тийгизип жатты. Акыркы раундда анын эки таамай соккусу  Тонинин баш тушуна тийди. Мындан улам калыс беттешти токтотту.

Ошентип Жастин Гэтжи бул салмактагы убактылуу чемпион болду.

UFC Президенти Дана Уайт мелдешке чейин аталган беттештин жеңүүчүсү Хабиб Нурмагомедов менен мушташка чыгарын жарыялаган.

Copyright © 2017 Maral FM