Биз менен байланышыңыз

UFC: Валентина Шевченко чемпиондук наамын коргоо үчүн Кэтлин Чукагян менен таймашат

Кыска кабар , Спорт | 27 Ноя 2019 | 786 | 0

UFCнин жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченко 8-февралда чемпиондук наамын коргоо үчүн кезектеги беттешке чыгат. Анын атаандашы АКШлык Кэтлин Чукагян болмокчу. Бул тууралуу маалыматты аталган уюмдун расмий сайты жарыялады.

Мушкер кыздар АКШнын Техас штатындагы Хьюстон шаарында өтүүчү UFC 246 мелдешинде октагонго чыгышат.

Кыргызстандык мушкер кыз Валентина Шевченко эки ирет чемпиондук курду коргоого жетишкен. Август айында ал Лиз Кармуш аттуу спортчу кызды ишенимдүү түрдө уткан.

Өз кезегинде Чукагян быйыл Жоанн Колдервуд жана Женнифер Майяны жеңип алган.

Copyright © 2017 Maral FM