Биз менен байланышыңыз

Аби: Дубайда европалыктарды, арабдарды машыктырам

Блог | 9 Фев 2021 | 1437 | 0

Абдипатта Абдижалил уулу учурда Бириккен Араб Эмираттарында 2 жылдан бери ММА, бокс, кикбоксинг боюнча машыктыруучу болуп иштеп жатат. Баткен облусунун Лейлек районунун Чимген айылында төрөлүп өскөн. 24 жаштагы машыктыруучу азыр европалык жана жергиликтүү жарандарды машыктырып келүүдө. Маал-маалы менен кыргызстандык белгилүү мушкерлер да барып, даярдыктан өтүп турушат. Биз спортчулар арасында Аби каймана аты менен таанылган мекендешибиздин айтып бергендерин тыңдадык.

Кесибим боюнча — инженер-куруучумун. Орусиянын Томск облусунда окугам. Негизи эрежесиз эр мушташка кызыгуум жогорку окуу жайда окуп жүргөндө башталган. Студент кезимде окуудан сырт ММА менен машыгып жүрдүм. Ошол кезде эле алгач окуу жайдын ички турнирлеринде, шаардык жана биздин мекендештер уюштурган жарыштарга чыкчумун. Кийинчерээк тажырыйба топтоп, профессионалдар арасында да октагонго чыгып баштадым.

Баары окуу жайды бүтүргөндөн кийин башталды

Окуу жайды бүткөн соң, досум экөөбүз жумуш издеп, БАЭге барууну туура көрдүк. Башында машыктыруучу болобуз деген ой жок эле. Атабек деген досум менден 3 ай мурун келген. Кийин мени чакырып алды. Башында эмне жумуш болсо да кылганга даяр элем. 3 ай жумуш таппай, аябай кыйналгам. Биринчиден, бөтөн эл, бөтөн жер. Экинчиден, тил билбейм. Англис тилинде да айрым турмуштук, эң керектүү гана сөздөрдү билчүмүн. Көп жерге жумуш сурап барып, баарлашуудан кийин эле терс жооп угуп жаттым. Кыйынчылыктарымдын баары тил билбегендигимден болду деп белгилеп айтсам болот. Ошентип жүрүп Шаржа шаарындагы индиялыктар ачкан спорт залга жумушка кирдим. Ал жерде күнүнө 10 сааттан иштеп, аябай аз маяна алчумун. Андан сырткары айлыкты да дайыма кечиктирип, бөлүп берчү. Аргасыздан иштеп жүрдүм. Башка арга да жок болчу…

Англис тилин үйрөнүшүмө пилоттор, стюардессалар түрткү болду

Англис тилин үйрөнүп кетүүмө мен машыктырып жүргөн пилот, стюардессалардын салымы чоң болду. Тил билбейм, бирок тил билбесем да, араң тапкан жумушта иштешим керек эле. Башында аларга сөз менен түшүндүрө албай, көнүгүүлөрдү кол менен жаңсап көрсөтөт элем. Бул мен машыктырган адамдарга да, мага да ыңгайсыз эле. Мен кыймыл менен көрсөтөм, алар мага анын англисче кандай айтылышын үйрөтөт. Алар таамай сокконду, мен болсо англисче сүйлөгөндү үйрөндүм. Ошентип жүрүп, англис тилин жакшылап үйрөнүп, 5-ай дегенде Дубайга келдим. Бул жерден фрилансер-машыктыруучу катары иштеп баштадым.

Көбүнчө европалыктарды, арабдарды машыктырам

Азыр кардарларымды интернет аркылуу табам. Машыктырып жүргөндөрүмдүн чакыруусу, сунушу менен келгендер да көп. Азыркы учурда мен машыктырган адамдардын көпчүлүгү Европа өлкөлөрүнөн келгендер, арабдар да бар. Алардын көбү — жеке ишкерлер. Иш графигим да эркин болуп калды. Тапкан каражатым да мурункуга салыштырмалуу жакшы. Өзүмдөн көз каранды, канчалык көп убакыт бөлүп, көбүрөөк машыгам дегендерди тапсам, ошончолук жакшы болот. Башында келгенге салыштырмалуу англис тилим да жакшырды. Бул кардар менен баарлашууда, ага көнүгүүлөрдү туура айтууга пайдасы зор. Анан да менден машыккандардын арасында кыргыздар да бар.

Профессионалдык уюмдар менен келишимим бар

Кээде менин бул жакка келишиме себепкер болгон досум Атабек Абдимиталиповдун машыгууларына жардам көрсөтөм. Ал Дубайда ММА уюмунда октагонго чыгат. Азыркыга чейин эч жеңиле элек. Өлкөбүздүн желегин жогорку деңгээлде желбиретип жатат десем болот. 2020-жылы бутумдан алган жаратымдан улам меники азырынча токтоп турат. Буюрса, мен да жакшылап дарыланып, болгон күчүмдү топтоп, жакшы жыйынтыктарды көрсөтүүгө аракет кылам. Бирок, мен көбүрөөк машыктыруучулук тажырыйбамды өнүктүрүүгө басым жасайм. Бул мага жакыныраак.

Бул жакта спорт менен машыккандар көп

Дагы белгилеп айтчу нерсе, БАЭде ММА менен негизинен чет өлкөдөн келген профессионал мушкерлер машыгат. Себеби бул жакта «сбор» өткөргөнгө аябай ыңгайлуу, шарт жакшы. Ал эми жергиликтүү эл бокс менен кикбоксингге көбүрөөк кызыгат. БАЭликтер негизи эле спортко жакын десем болот. Бардыгы өзүнүн көңүлүнө жакын спорттун бир түрү менен алектенет. Анан да бардык спорттун түрү үчүн жетиштүү шарттар каралган. Муну менен катар ден соолугу да чың болот. Дагы бир себеп, БАЭ аябай ысык өлкө экенин билесиздер. Спорт менен машыкпасаңыз, бат эле салмак кошуп, «толуп» кетесиз.

Дубайдын дагы бир жакшы жери, бул жакка жогорку деңгээлдеги белгилүү спортчулар көп келет. Бул жергиликтүүлөрдү дагы да спорт менен машыгууга шыктандырат.

Дубайда машыктыруучу кыргыздар көбөйүп жатат

Дубайда машыктыруучу болуп эмгектенген 5 кыргызстандык бар. Негизинен ММА, бокс, фитнес боюнча иштейбиз. Жалпы эле мекендештер менен бул жакта ынтымактуубуз десем болот. Бири-бирибизге жардам көрсөтүп, майрамдарда чогулуп турабыз.

Кыргызстандыктарга айтарым…

«Дубайга келем» дегендерге кеңеш берет элем, англис тилин үйрөнүп келиңиздер. Тил билсеңиз эле бул жакта мүмкүнчүлүктөр көп. Себеби бул жакта улутуна, өңүнө, келген өлкөсүнө карап бөлүп-жаруу жок.

Анан дагы айткым келгени, биз ар бирибиз өзүбүз жакшы көргөн спортко убакыт бөлүп, ден соолугу бекем адамдардын өлкөсүнө айлансак. Бул үчүн мен да өз тажрыйбамды кыргызстандыктарга арнагым келет. Менин жардамым себепкер болуп, адамдар спорт менен машыгып, ден соолугуна кам көрүшсө деген изги тилегим бар. А өзүм машыктыруучулукту дагы да терең үйрөнүп, өлкөмдүн атын чыгарууну максат кылгам жана ал үчүн аракет кыла берем.

Copyright © 2017 Maral FM