Биз менен байланышыңыз

Өзбекстандык эрежесиз уруштун чебери беттештен кийин каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Окт 2019 | 1995 | 0

Өзбекстандын эрежесиз эр уруш (ММА) спортунун чебери Бекзод Нурматов 4-октябрда Чеченстандын борбору Грозный шаарында өткөн турнирде орусиялык Беслан Исаев менен болгон беттештен кийин каза болду.

Маалыматка ылайык, мушташта Исаев жеңүүчү аталган. Ал беттештин соңку мүнөттөрүндө атаандашынын кашын жара муштаган. Анын кесепетинен Бекзод Нурматов инсульт алып, ооруканага жеткирилген. Жандандыруу бөлүмүндө 3 күн жаткан мушкер эсине келбей жан берген.

Спортчунун сөөгү 8-октябрда Өзбекстанга алынып келинди.

Нурматов 27 жашта болчу, жалпы 13 беттеш өткөрүп, анын 11инде жеңишке жетишкен. Акыркы убактарда Санкт-Петербургдагы ММА спорттук клубдарынын биринде машыгып жүргөн.


Хабиб Нурмагомедов Өзбекстанда академия ачууну көздөйт

Copyright © 2017 Maral FM