Биз менен байланышыңыз

Хабиб Нурмагомедов Өзбекстанда академия ачууну көздөйт

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Окт 2019 | 674 | 0

Жеңил салмактагы UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов Өзбекстанда аскердик өнөр үйрөтүүчү академия ачууну көздөп жатат. Бул тууралуу «Synergy Global» форумунда берген маегинде билдирген.

«ММАны өнүктүрөбүз, академияны ачабыз. Бул жаатында менде Өзбекстандан досторум көп, күйөрмандар да көп эле. Кайда барбайын, өзбектер келип, ийгилик каалап турушат», — дейт ал.

Спортчу 2020-2021-жылдары Өзбекстандын тарыхында алгачкы ирет ММА турнирин өткөрүүсү күтүлүүдө.

Эске салсак, ушул жылдын май айында Нурмагомедов Ташкентке келип кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM