Бир сутка ичинде 25 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Бул тууралуу бүгүнкү брифингде айтылды.
Аймактар боюнча алсак:
Бишкек ш. – 10
Ош ш. – 2
Ош облусу — 1
Жалал-Абад облусу – 6
Нарын облусу – 6
Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 370 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Коронавирус инфекциясы менен жалпы 682 адам катталды.
Анын ичинен: стационарда – 304, жандандыруу бөлүмүндө – 6 адам. 370 адам айыгып ооруканадан чыгарылса, 8 бейтап каза болду.