Биз менен байланышыңыз

Орусиядан 1000 тоннадан ашык буудай сатылып алынды

Кыска кабар | 21 Апр 2020 | 476 | 0

Орусия мамлекети менен түзүлгөн келишимдин негизинде сатып алынган буудай Кыргызстанга келе баштады. Сатып алынган буудайдын 1028 тоннасы 20-апрелде Кара-Балта шаарында жайгашкан «Дан» кампасына түшүрүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Материалдык резервдер фонду Орусиянын азык-түлүк корпорациясы менен 33 миң тонна буудай сатып алуу боюнча келишимге кол койгон.

— Ушул аптанын ичинде дагы 36 вагонго жүктөлгөн буудай темир жол аркылуу Кыргызстандын аймагына жеткирилет. Ал эми калган бөлүгү май айынын аягына чейин келет. Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампаларында ун менен буудайдын кору жетиштүү, — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында өкмөт 800 миллион сомго дан азыктарын сатып аларын маалымдаган. Анын 400 миллиону өлкө бюджетинен бөлүнсө, 200 миллион сомун РСК жана «Айыл банк» бөлмөк. Өкмөт өлкөнүн Мамлекеттик материалдык резервдер фондунда 60 миң тонна дан сакталып турганын билдирген.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 568ге жетти. Анын ичинен 201и айыгып, жетөө каза болду. 140 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталган.

Республиканын айрым аймактарына 15-марттан тарта киргизилген өзгөчө абал кырдаалга жараша 30-апрелге чейин жылдырылган.

Copyright © 2017 Maral FM