Биз менен байланышыңыз

Коронавируска өз алдынча анализ тапшыруу 2 миң сомду түзөт

Кыска кабар | 20 Апр 2020 | 1008 | 0

Жакынкы күндөн тарта жарандар өз алдынча коронавируска анализ тапшыра алышат, анын баасы болжол менен 2 миң сомду түзөт. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

«Жакынкы күндөрү жарандарыбыз COVID-19 аныктоого ПЧР анализдерди Карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар республикалык борборунун базасында уюштурулган «Бонецкий» жеке лабораториясынан тапшыра алышат. ПЧР-тесттин баасын жана изилдөөгө кеткен бардык чыгашаларды эске алганда, анализ тапшыруу – болжол менен 2000 сомду түзөт», — деди Үсөнбаев.

20-апрелге карата республика боюнча вирус жуктурган 568 адам катталды, алардын жүз кыркы — медицина кызматкерлери. Илдетке кабылгандардын эки жүз бири айыгып, үйлөрүнө чыгарылды.  Жети бейтап каза тапты.


20-апрель: Акыркы суткада 2 адам коронавирустан каза болду



Коронавирусту жуктурган алдыңкы 10 өлкөдөгү айыккандар менен каза болгондордун көрсөткүчү

Copyright © 2017 Maral FM