Биз менен байланышыңыз

Ондон ашык медкызматкер коронавирустан айыккан. Алар жакында кайра иштеп баштайт

Кыска кабар | 20 Апр 2020 | 486 | 0

COVID-19 вирустук инфекциясын жуктурган ондон ашык медицина кызматкери илдеттен сакайды. Бул тууралуу Өкмөттө өткөн брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, алар жакында кайрадан өз кызматтарына киришмекчи.

Ал эми 20-апрелге карата бир сутка ичинде дагы 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган.

Алардын ичинен: Жалал-Абад облусунда – 3, Ош шаарында – 1, Нарын облусунда – 1, Бишкек шаарында – 1 учур. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 140 учур катталды.

COVID-19 жуктуруп алган 140 медициналык кызматкердин ичинен:
Дарыгерлер – 39;
Орто медкызматкерлер – 58;
Кичүү медкызматкерлер – 23;
Башкалар – 20.


20-апрель: Акыркы суткада 2 адам коронавирустан каза болду



Copyright © 2017 Maral FM