Биз менен байланышыңыз

10 бейтап COVID-19 илдетинен сакайды. Арасында дарыгер-эпидемиолог бар

Без рубрики , Кыска кабар | 19 Апр 2020 | 893 | 0

Бишкекте Республикалык клиникалык жугуштуу ооруканасынан коронавирус илдетине кабылган 10 бейтап бүгүн, 20-апрелде айыгып чыкты. Алардын ичинен бирөөсү дарыгер-эпидемиолог. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан кабарлады.

Бүгүн ошондой эле Баткенде COVID-19 вирусун биринчи жуктурган жугуштуу оорулар дарыгери дагы сакайып чыкты.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардыын жалпы саны 19-апрелге карата 554кө жетти. Анын 134ү медицина кызматкерлери.

Өлкөдө COVID-19 илдетине чалдыккан биринчи учур 18-мартта аныкталган. Учурда 133 бейтап бул оорудан сакайып чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM