Биз менен байланышыңыз

Дарыгер: Баткендеги жаңжалда жарадар болгондордун баарына ок тийген

Коом , Кыска кабар | 30 Апр 2021 | 1817 | 0

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан 154 адам жараат алды. Алардын 43үн Баткенден атайын учак менен Бишкекке алып келип, 3 ооруканага жаткырышкан. Бейтаптар жаткан оорукананын бирине барып, абалынан кабар алдык.

Бишкектеги Улуттук госпиталга түнкү саат 4:00дө 8 бейтап алынып келинген. Алар нейротравма бөлүмүнө жаткырылган, анткени баарынын абалы оор, операция муктаж. Экөөсүнө операция жасалып, учурда реанимацияда жатат. Ал эми бирөөнө операция түштөн кийин жасалмак. Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Токтобай Маанаев жарадарлардын абалы тууралуу буларды маалымдады:

«Бейтаптардын баарынын диагнозу — «ок тийген». Бир да таш, темир тийүү жок. Экөө көз микрохирургиясы бөлүмүнө түштү. Биринин көзүнө ок тийген, бир көзү жарабай калган. Андан тышкары бирөөсү бет-жаак хирургиясы бөлүмүнө жаткырылган. Ага ок оозуна тийип, тиштерин талкалап, тилин жарып кеткен. Дагы багы бар экен, ок тилин гана жарып, ары тамагына кирбептир. Башка бейтаптын жоон санында жана ийнинде ок калып калган. Ушул бейтаптарга бүгүн операция жасалат. Бардык дары-дармектер, орундар жетиштүү. Бейтаптар дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүндө». 

Андан ары палаталарды кыдырып көрдүк. Биз кирген палатада эки бейтап жатыптыр. Биринин абалы өтө оор болгондуктан, сүйлөшө алган жокпуз. Экинчи жарадар Баткен шаарынын тургуну Бактияр Козубаев оң колуна ок тийгенин, башына эки осколка киргенин айтып берди.

«Колума ок тийди, башыма эки сынык кирип кетти. Бирин Баткендеги ооруканадан чыгарышты, экинчисинде дарыгерлердин жетишсиздигинен кечинде учак менен Бишкекке алып келишти. Азыр операция кылып, алып чыгышат дешти. Баткенде медициналык жардамды жергиликтүү дарыгерлер жана Бишкектен барган дарыгерлер көрсөтүп жатышты», — деди Козубаев.

Экинчи бейтапты карап отурган агасы Баткенден бери чогуу келгенин, жаңжалда аралашып жүргөнүн айтып, бул жолку чатак мурдагыларга караганда аябай катуу болгонун белгиледи.

«Бардыгы куралсыз болгондуктан жарадар болуп калышты. Бизге же болбосо аскерлерге курал берип коюшса болмок. Биз эч нерсебиз жок, кур кол менен согуштук. Аягына чейин бардык. Ал жерде катуу согуш болду. Өлгөн балдар көп болуп жатты, биз көрдүк. Бирок анын баарын ачык айтпай жатышат. Бул жолку согуш мурдагыдан да катуу болду». 

Жабыркагандардын 14ү Бишкектеги Травматология жана ортопедия борборунда дарыланууда. Бейтаптардын жетөө аскер, бирөө милиция кызматкери, калгандары жай тургундар. Бул тууралуу оорукананын жетекчиси Сабырбек Жумабеков билдирди. Анын айтымында, бейтаптардын абалын дарыгерлер орто деп мүнөздөп жатышат.

«Биздин 7 дарыгерибиз Баткенге кеткен, азыр ал жерде иштеп жатышат. Түнү менен биз бригадага бөлүнүп, бейтаптарды кабыл алып иштедик. Бейтаптардын жарааттарынын баарын жууп-тазалап, жеңил кирип кеткен окторду чыгарып, жарааттарын таңып-тигип, палаталарга жаткырып койдук», — деди Жумабеков.

Жаңжал учурунда жабыркап, шаарга алынып келинген Ички иштер министрлигинин кызматкери Нурлан Саитов кечээ эртең менен саат 6да тревога жарыяланып, тажиктердин жаңжалын басууга жөнөшкөнүн, бирок алар барганча баары башталып кеткенин кейиштүү айтып берди.

«Жанымдагы адамдар каза болгонун көргөм. Бизде курал-жарак такыр жок болчу. Мен өзүм жараат алып, эс-учумду жоготуп койдум. Кийин жанымдагы унаанын күйгөн түтүнүнөн эсиме келип карасам, жатам, жанымдагы адамдар да жатышат. Араң туруп, оң колум, оң бутум менен барып, атайын унааны миндим да жөнөдүм. Бир аз өтпөй эле жолдо кызматкерлер туруптур, ошол жерде токтодум. Алар келип жардам беришти». 

Баткен облустук Саламаттыкты сактоо тармагынын координатору Арзыбек Бөрүбеков саат 17:00гө карата жараат алгандардын саны 154кө, курман болгондордун саны 31ге жеткенин маалымдады. Анын айтымында, Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Талас облустарынан дарыгерлер келип, жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүп жатышат.

«Жабыр тарткандардын саны саат 17:00гө алынган маалымат боюнча 154 болду, каза болгондор 31 адамга жетти. Бишкек шаарына 43 жаран дарыгерлер менен чогуу атайын учакта жөнөтүлдү. Учурда 80 бейтап Баткендеги ооруканаларда дарыланууда. Кандын жана дары-дармектин запасы жетиштүү, толук кандуу иштер жүрүп жатат». 

Эске салсак, бүгүн таңкы саат 7:00гө алынган маалыматта 124 адамдын жараат алганы, 13 жаран каза тапканы айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM