Биз менен байланышыңыз

Өлкө боюнча Баткенде эки дарыгерден коронавирус аныкталды

Кыска кабар | 20 Сен 2020 | 590 | 0

Өлкө боюнча Баткен облусунда 2 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Штабдан билдиришкендей, акыркы бир күн ичинде 4 медицина кызматкери ооруканалардан айыгып чыгарылган. Ал эми үй карантининен 18 медкызматкер айыгып чыккан.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 3 миң 199 медицина кызматкери коронавирус жуктурса, алардын ичинен 2 миң 801и айыгып чыкты.

Бүгүнкү күнгө карата коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 81 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын  жалпы саны 45 миң 416ны түзөт. Алардын ичинен 41 миң 578 киши айыгып, 1 миң 63 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM