Биз менен байланышыңыз

Нарында жер титиреди

Кыска кабар | 19 Апр 2020 | 655 | 0

Нарын облусунун аймагында очогунда күчү төрт жарым баллга жеткен жер титирөө катталды. Сейсмология институту кабарлагандай, жер силкинүү 18-апрелде саат 17:30 чамасында болгон.

Жер титирөөнүн күчү Кочкор районунун Арсы, Кара-Тоо, Кочкор, Семиз-Бел айылдарында 4 балл, Чолпон, Туз, Кара-Күңгөй, Саз, Орто-Токой айылдарында 3,5 балл болду.

Ал эми Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында, Тоң районунун Ак-Өлөң айылында 3 балл, Оттук айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Жабыркагандар жана кыйроолор жок.

Copyright © 2017 Maral FM