Биз менен байланышыңыз

Дагы 18 дарыгер COVID-19 илдетине кабылды

Кыска кабар | 19 Апр 2020 | 820 | 0

Нарында 4 дарыгер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелге карата Өкмөттө өткөн брифингде cаламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, бир сутка ичинде 18 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Алардын ичинен Нарын облусунда – 4, Жалал-Абад облусунда – 4, Бишкек шаарында  – 4, Ош шаарында – 3, Ош облусунда – 2 жана Баткен облусунда – 1 дарыгер илдетке чалдыккан.

Бүгүнкү күндө медицина кызматкерлеринин COVID-19 жуктурган жалпы катталган учуру – 134кө жетти.

Copyright © 2017 Maral FM